Чүйдө жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду
Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Маалыматты облустук Жол милициясы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, кырсык 15-декабрда саат 00:30 чамасында болгон.
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 98-чакырымында 42 жаштагы айдоочу Мицубиси-Спейс-Стар үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, чыгыштан батышты көздөй жол алган Вольво үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен Мицубисинин айдоочусу окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми 42 жаштагы жүргүнчү Кемин райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал ооруканада өзүнө келбей көз жумду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:19
2025-12-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















