Лейлекте айылдын "отвечающийи" болом деп жаранды коркуткан шектүү кармалды
Лейлек районунун Арка-2 айылында каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Суу айылынын тургуну А.Ж. өзүнүн Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен бараткан учурда аны белгисиз жаран токтотуп, өзүн ал жердин "отвечающийи" катары тааныштырып, бычак менен коркуткан.
Шектүү жабырлануучунун 45 040 сомун, бир даана планшетин, барсеткасындагы паспортун, айдоочулук күбөлүгүн жана унаанын документтерин күч колдонуу менен тартып алып, качып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Арка айылынын 44 жаштагы тургуну Ш.Т. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















