Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин спикери болду

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Тургунбек уулун кайрадан спикерликке шайлашты. Жашыруун добуш берүүгө жалпы 87 депутат катышты. Анын 84ү макул болсо, 3 депутат каршы болгон.
Эске салсак, Нурланбек Тургунбек уулу мурдагы чакырылышта да парламенттин төрагасы болуп кызмат кылган.
Ал 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргыз Республикасынын Скрябин атындагы агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин аяктаган.
2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп шайланган. 2022-жылдын 29-мартында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси, 5-октябрында парламенттин төрагасы болуп шайланган.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары ант берип, ишке киришти. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин спикери болду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















