Төрага болуп кайрадан шайланган Нурланбек Тургунбек уулунун өмүр баяны
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурланбек Тургунбек уулу шайланды. Парламент жыйынындагы жашыруун добуш берүүгө жалпы 87 депутат катышты. Анын 84ү макул болсо, 3 депутат каршы болгон.
Өмүр баяны:
Тургунбек уулу 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Жогорку билимдүү. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 1996-1997-жылдары "Обон" гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактор;
- 1997-1999-жылдары "Учкун" гезитинин башкы редактору;
- 1999-2004-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;
- 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;
- 2005-2006-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору;
- 2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы;
- 2009-2010-жылдары "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;
- 2010-2011-жылдары маданият жана маалымат министри;
- 2017-2021-жылдары "2 канал" (New TV) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
- 2021-жылы №17 Аксы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
- 2022-жылдын 29-мартында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси, 5-октябрында парламенттин төрагасы болуп шайланган.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун мааракелик медалы жана башка бир катар мекемелик сыйлыктар менен сыйланган. Ошондой эле Казакстан Республикасынын II даражадагы "Достук" орденинин ээси.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары ант берип, ишке киришти. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















