Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: "Трибунада элдин үнү угулуп турушу кажет"
Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында VIII чакырылышынын төрагасы болуп шайланган Нурланбек Тургунбек уулу өз сөзүндө конструктивдүү сындар айтылып, трибунада элдин үнү угулуп турушу керектигин айтты.
“Кыргыз парламенти чөлкөмдө гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде да ачык-айкындуулугу жана демократиялык баалуулуктарды бекем кармангандыгы менен өзгөчөлөнүп келет. Мындан ары ушул багытыбызды сактап калуу менен гана чектелбестен, өнүктүрүшүбүз керек. Биздин ыйгарым укуктарыбыз жетиштүү. Сөз эркиндиги толук сакталат, албетте, ар бир айтылган пикирдин артында жоопкерчилик бар экенин да сезишибиз керек. Бирок кайсы бийлик бутагы болбосун кемчиликтер кетсе, конструктивдүү сындар айтылып, ушул бийик трибунада элдин үнү угулуп турушу кажет”,- деди төрага.
Андан тышкары, алдыда Жогорку Кеңеш өлкөнүн өнүгүшүнө жана калктын бакубатчылыгын арттырууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алууну улантарын кошумчалады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















