"Төңкөрүштөр". Депутат Муратбеков президенттин айткандарына кошуларын билдирди (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков өлкө башчы Садыр Жапаровдун депутаттар тууралуу айткандарына кошула турганын билдирди.
Ал Жогорку Кеңеш саясий иштерди жеке кызыкчылыктардын аркасында чечкен учурлар болгонун айтты.
"Ошондуктан өлкөбүздө бурулуштар болуп келген, тактап айтканда, төңкөрүштөр. Мындан ары андай болбосун деген президент тарабынан сунуш айтылды",- деди Муратбеков.
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйынында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, депутаттарды өкмөт менен соодалашпоого чакырды. Мамлекет башчысы эл өкүлдөрүнөн министрлерге чалып, тарапташын кызматка коюуну, жыйындарга министрлерди кайра-кайра чакыра бербөөнү өтүндү.
Депутат Муратбеков президенттин айткандарына кошуларын билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:41
2025-12-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















