super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Президенттин сөзү, анттагы жаңылуу... Бүгүн Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны кандай өттү?

 

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны болду.

Отурумда депутаттардын арасында эң улуусу болгон Гүлай Машрапова VII чакырылыштын ыйгарым укуктары токтотулганын жарыялап, жаңы чакырылыштын алгачкы жыйынын ачып берди.

Мамлекеттик гимн жаңырган соң 87 эл өкүлү кезеги менен БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун колунан депупаттык күбөлүк, төш белгилерди алышып, ант беришти. Ант берүү учурунда жаңылган депутаттар болду. Алсак, жаңы парламенттеги эң жаш делген 25 жаштагы Бекмырза Чолпонбай уулу анттын текстин унутуп калып, аны толук айтуу үчүн үч жолу кайталады. Улукбек Карыбек уулу да антты үчүнчү кайталоосунда толук айтты.

Ант берүү аяктаган соң өлкө башчы Садыр Жапаровго сөз берилди. Президент депутаттарды калың элдин тандоосунан өткөнү үчүн куттуктап, кыргыз парламентинин тарыхына токтолду. Ошондой эле мамлекет башчысы эл өкүлдөрүнө кайрылып, аларды өкмөт менен кызмат орундары үчүн соодалашпоону, парламенттин жыйындарына ар дайым эле "министрлер өзү келсин" деген талапты коюп, чакыра бербөөнү өтүндү.

Андан ары Жогорку Кеңеште депутаттык топторду түзүү маселеси да каралып, жыйынтыгында 5 депутаттык топ түзүлдү. Анда "Ата Журт" тобуна 18, "Мекенчилге" 19, "Элдик" тобуна 18, "Адилет Кыргызстанга" 14 жана "Ала-Тоо" тобуна 15 эл өкүлү киргени жарыяланды. Ал эми Эльвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Кокулов бул топтордун эч бирине кошулган жок.

Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси да каралып, 5 депутаттык топ Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигин сунушташты. Жашыруун добуш берүүдөн соң Тургунбек уулу парламенттин VIII чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Ал өз сөзүндө конструктивдүү сындар айтылып, трибунада элдин үнү угулуп турушу керектигин белгилеп өттү.

Ал эми төраганын биринчи орун басары болуп депутат Чыңгыз Ажибаев дайындалса, Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханджеза орун басарлары болуп шайланышты.

Андан соң парламенттин 8 тармактык комитети түзүлүп, төрагалары дайындалды. Ошону менен Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйынын жаңы дайындалган төрага Тургунбек уулу жапты.

Айта кетсек, жыйынга 87 депутат катышты. Парламенттеги 90 орундун 3үнүн бош калышына №13 округдагы жыйынтыктын жокко чыгарылганы себеп болду. Аталган округда кайра шайлоо болмокчу.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: