Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу билдирүү таратты
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулардагы бүгүн, 18-декабрга карата абал боюнча билдирүү таратты. Ага ылайык, саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында каттам бар.Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат. Жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Белгилей кетсек, аталган ашууларда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.
Ошондой эле, кечээ, 17-декабрь саат 18:40тан тартып Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азыркы тапта күчүндө. Мындан тышкары, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Бирок жарандар үчүн альтернативдүү каттам бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-12-18
16:14
2025-12-18
15:21
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















