Кремль АКШдан Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүүдө
Кремль АКШдан Европа жана Украина менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат келет деп үмүттөнүүдө. Бул тууралуу 17-декабрда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орусиялык ЖМКлар жазышты.
"Америкалык кесиптештерибиз украин тарап жана европалыктар менен болгон иштин жыйынтыгы тууралуу даяр болгондо бизди маалымдайт деп күтөбүз",- деди Песков журналисттер менен болгон маегинде.
Белгилей кетсек, 14-15-декабрда Берлин шаарында АКШ менен Украинанын делегацияларынын жолугушуулары өтүп, анда Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланган. Жекшемби күнү сүйлөшүүлөр беш сааттай, ал эми дүйшөмбү күнү болжол менен эки саатка созулган.
Дүйшөмбү күнү кечинде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү бир катар европалык лидерлер, ошондой эле Европа комиссиясынын төрагасы жана НАТОнун башкы катчысы тарабынан да талкууланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















