ТИМ: Орусияда убактылуу кармоочу жайда 40 Кыргыз жараны бар
Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери Орусия Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаары боюнча башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, консулдук кызматкерлери кармалган жарандар менен жолугушууда Орусиянын мыйзамдарын сактоо, миграциялык каттоо жана сот чечимдерине даттануу тууралуу түшүндүрмө берди.
Учурда борбордо 40 Кыргыз жараны бар. Алардын 15и жакынкы аба каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Ошондой эле башкы консулдукка "Асбестовский" бөлүмүндө кармалып турган жарандардан да кайрылуу түшкөн. Текшерүү учурунда ал жерде дагы 8 кыргызстандык бар экени аныкталды. Бардык документтик иштер бүткөндөн кийин алар да мекенине кайтарылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















