Баткенде 22 жаштагы келин алдамчылыкка шектелип кармалды
Баткен шаарында алдамчылыкка шектелип 22 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу 18-декабрда облустук милиция билдирди.Шаардык милицияга быйыл 19-апрелде шаар тургуну С.Ү. арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, Баткен шаарындагы мал базарда Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну Т.У. менен бир баш уйду торпогу менен 115 000 сомго баалашкан. Алдын ала 10 000 сом бергени, ал эми калган 105 000 сомду бир жуманын ичинде төлөөгө убада берип, ушул күнгө чейин акчаны кайтарбай жүргөнү белгилүү болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү Т.У. кармалып, учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















