9 жыл мурун адам өлтүрүүгө шектелген жаран Кадамжайдан кармалды
Орусиянын Москва облусунда бир нече жыл мурун адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран Кадамжайдан кармалды. Мындай маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы таратты.Орусияда 2016-жылы адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп, Кадамжай РИИБине ушул жылдын 3-декабрында катталган.
Ага ылайык, шектүү Кадамжай районунун 45 жаштагы тургуну Москва облусунда чыккан уруш учурунда 1973-жылкы Т.Ж. аттуу жаранга бычак менен сокку уруп, анын өлүмүнө себепкер болгон.
Орусиянын тергөө органдары тарабынан күнөөсү далилденген соң, кылмыш иши эл аралык конвенциянын негизинде Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында шектүү Кадамжайдын аймагынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















