Чүйдө унаа айдап качууга аракет кылган шектүү жаран кармалды
Чүй облусунда белгисиз унааны айдап качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 15-декабрда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, Калинин айылында үйүнүн жанында токтоп турган жашыл түстөгү Mazda 121 автоунаасы белгисиз адам тарабынан уурдалганын билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө автоунаа Кара-Балта шаарынын Сосновка бурулушунан табылып, аны башкарып бара жаткан 2004-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө учурунда анын Калинин айылында мурда жасалган эки уурулукка да тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















