super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тажикстандын ТИМи Одинцоводогу мектеп окуучусунун өлүмү боюнча Орусиянын элчисин чакырды

 

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Одинцоводогу 4-класстын окуучусу, Тажик жараны каза болгондон кийин улут аралык кастык негизиндеги кол салууну кескин айыптады.

Эскерте кетсек, каргашалуу окуя Орусиянын Подмосковье облусунун Одинцово районундагы Горки-2 айылындагы Успенск орто мектебинде орун алды. Анда Тимофей аттуу ошол эле мектептин окуучусу мектепке бычак менен барып, окуучуларга кол салды. Анда 4-классынын окуучусу Кобилжон Алиев каза тапты.

Тажикстандын ТИМи каза болгон баланын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруусун билдирди. Окуяга байланыштуу Тажикстандагы Орусиянын элчиси Сергей Григорьев ТИМге чакыртылып, ага окуяны тез арада, объективдүү жана адилеттик менен иликтөө, ошондой эле күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартуу талабы менен нота тапшырды.

Ошондой эле Тажикстандын Орусиядагы элчилигине каза болгон окуучунун үй-бүлөсү менен туруктуу байланышта болуу жана бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: