super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Москва облусундагы мектепте каза болгон Кобилжон Алиев Тажикстанда жерге берилди

 

Бүгүн, 18-декабрда эртең менен Одинцоводогу мектепте каза болгон Кобилжон Алиевдин сөөгү анын мекени Тажикстанга жеткирилип, андан соң Шахринав районунун Аджам айылындагы туугандарынын биринин үйүнө алып барылды. Катуу жааган жамгырга карабастан, коштошуу зыйнатына Тажикстандын бир нече аймактарынан көп сандаган адамдар келишти.

Коштошуу зыйнаты Шахринав районунун Акрам Хасанов жамаатына караштуу Аджам айылындагы мечитте өттү. Андан кийин 10 жаштагы мектеп окуучусу жерге берилди.

Кобилжон Алиев Одинцово округуна караштуу Горки-2 кыштагында жайгашкан Успенск орто мектебинде тазалоочу болуп иштеген Нилуфар Сафоеванын уулу болгон. Каргашалуу окуядан кийин баланын апасы жана иниси Тажикстанга учуп кетишкен.

Маалыматка ылайык, Кобилжон Алиев 15 жаштагы неонацист өспүрүм Тимофей К. тарабынан кол салуунун курмандыгы болгон. Мектептин 4-классынын жетекчиси Алина Файзуллаева коридордо колунда бычак кармаган өспүрүмдү көрүп, балдарды шашылыш түрдө класска киргизе баштаган. Ошол учурда Кобилжон башка окуучуларды сактап калуу максатында кол салуучунун көңүлүн бурам деп чечинип, тепкич тарапка чуркап кеткен. Кол салган өспүрүм аны кууп жетип, мойнуна бычак менен сокку уруп өлтүргөн. Андан соң кылмышкер маркумдун жанында селфи тарткан.

10 жаштагы баланын каза болушу коомчулукта чоң резонанс жаратты. Одинцово округунун тургундары Кобилжондун элесине арнап мектептин жанында мемориал түзүштү. Ал жерге ата-энелер балдары менен, кошуналар жана кайдыгер эмес жарандар келип, гүлдөрдү жана жумшак оюнчуктарды калтырып жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: