Элвира Сурабалдиева: "Парламентте кечээ диктатура, бүгүн демократиябы?"
Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоо учурунда талаш-тартыштар жаралды. Депутат Элвира Сурабалдиева парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, добуш берүүнүн "альтернативасыз өткөнүн" эске салып, депутаттарды комитеттердин ишине көңүл бурууга чакырды.
"Бүгүн комитеттердин орун басарларын шайлоо жүрүүдө. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыкпашы үчүн, талапкерлерди альтернативасыз белгилеп коюуңуздарды суранам",- деди Сурабалдиева.
Парламент төрагасы Тургунбек уулу Элвира Сурабалдиева эч кандай фракцияга кирбегени үчүн акыркы чечимдерден кабарсыз калганын айтып, ар бир комитетке үч талапкер гана сунушталарын белгиледи. Ал ошондой эле "түндүк-түштүк" деген маселеге орун жок экенин, парламент трибунасынан мындай сөздөр айтылбашы керектигин эскертти.
Талкууга депутаттар Үмбөталы Кыдыралиев менен Бурун Аманова да катышып, аймактык бөлүнүү болбогонун белгилешти.
Элвира Сурабалдиева: "Парламентте кечээ диктатура, бүгүн демократиябы?"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















