super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Төрага: "Жыйынга келбеген депутаттардын маянасы кыркылып, тизмеси коомчулукка чыгарылат" (видео)

 

Жыйындарга катышпаган депутаттардын маянасы кыркылып, тизмеси коомго ачык чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабардагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айтты.

Төрага кийинки жумада каралуучу маселелер көп экенин белгилеп, эл өкүлдөрүн ага активдүү катышып берүүгө чакырган.

"Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер өтө көп. Шайлоого байланыштуу жыйындар өтпөй, өтө зарыл мыйзам долбоорлору күтүп турат. Мындан улам кийинки жумадагы жыйындарга активдүү катышып бериңиздер. Тартип катуу болот. Келбеген депутаттардын маянасын кыркабыз. Себеби жок келбегендерди коомчулукка жарыялайбыз. Эл сиздерге "биздин округдун маселесин айтып турат" деп ишеним берди. Активдүү катышпаган депуттарды маалымат каражаттары аркылуу чыгарбыз. Эл билсин, кайсы депутат кайда жүргөнүн",- дейт төрага.






Жыйынга келбеген депутаттардын маянасы кыркылып, коомчулукка чыгарылат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: