super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президенттик балатынын алгачкы иш-чаралары башталды

 

Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан 490 бала келди. Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышып, балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады. Балдар “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна жана Бакен Кыдыкеев атындагы театрга барышып, оюн-зоок программа менен “Маугли” театралдык спектаклин көрүштү.

Негизги программа 19-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда мамлекет жетекчилигинин катышуусу менен уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: