Аксыда каза тапкан келиндин жакындары Камчыбек Ташиевге кайрылышты
Жалал-Абаддын Аксы районунда каза тапкан 32 жаштагы келиндин жакындары SUPER.KG порталына милиция ишти калыс териштирбей жатканын билдиришти.
Маркумдун денеси 2025-жылдын 4-ноябрь күнү өзү жашаган үйүндө асынган абалда табылган. Жакындары маркумдун өлүмүндө күмөндүү жагдайлар бар экенин айтышууда. Алар белгилегендей, куда тарап алгач келин ооруканада ооруп жатканын билдирген. Бирок ата-энеси ооруканага бара жатканда кайра үйүнө чакырышып, кызынын каза болуп калганын айтышкан.
Бирок туугандары келин асынган абалда болгонун аны сууга алып жатканда, моюнундагы жиптин тактарынан улам билишкен. Мындан улам алар кайра сөөктү экспертизага берүүнү талап кылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес.
Маркумдун бир тууган агасы Москвадан келгенче карындашы каза болгон күнү кечинде эле шашылыш жерге берилген. Ал карындашы жолдошу менен араздашып жүргөнүн айтып, бир тууганынын өлүмү күмөн жаратып жатканын белгилейт. Маркумдун туугандары анын күйөөсү милиция кызматкери болгондуктан иш калыс тергелбей жатканын кошумчалашып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден ишти көзөмөлгө алып берүүсүн суранышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















