Көк-Жардагы кафеде чыккан өрт өчүрүлдү
Бишкектеги Көк-Жар айылында жайгашкан "Байбол" кафесинен чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Анда кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Ыкчам-нөөмөт кызматы тартылган. Тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынып, 23:05те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзөт. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
Кафеде чыккан өрт өчүрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















