Чүйдө батир сатып алган жаран милицияга кайрылды
Чүй облусунда батир сатууга байланыштуу алдамчылык фактысы катталып, шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.Билдирүүдө берилгендей, укук коргоо органдарына 11-декабрда 30 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, ушул жылдын март айында шектүү "Лалафо" сайтына Ивановка айылында жайгашкан батирди сатуу тууралуу жарыя жайгаштырган. Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин аталган батирди сатып алуу боюнча макулдашуу түзүлүп, Кант шаарында жабырлануучу шектүүгө 1 050 000 сом өткөрүп берген. Бирок каражат алганына карабастан ал батирди сатып алуучунун атына өткөрүп берүүдөн баш тартып, акчаны кайтарып берген эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1987-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө аталган батир шектүүнүн апасынын атына катталгандыгы аныкталган. Ошондой эле ал алынган акчаны кайтарып берүүнү көздөбөстөн, батирди кайрадан сатууга коюуну мерчемдегендиги белгилүү болгон.
Тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















