super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте абанын сапаты боюнча тегерек стол болуп өттү

 

Бишкек шаарында “Кыргызстанда абанын сапатын жөнгө салуунун укуктук негиздерин жана башкаруу механизмдерин талдоотемасында тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен маалымдашты.

Берилген маалыматка ылайык, иш-чара министрдин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Анда атмосфералык абаны коргоо жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдык жана институционалдык базанын, ошондой эле адамдын таза, ден соолукка пайдалуу жана туруктуу айлана-чөйрөгө болгон укугун ишке ашыруу механизмдеринин аналитикалык баяндамасы сунушталды. Баяндама Кыргызстандын мыйзамдарын, стратегиялык документтерин, эл аралык милдеттенмелерин жана эл аралык уюмдардын сунуштарын талдоонун негизинде даярдалган.

Тегерек столдун негизги максаты - жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын талкуулоо жана абанын сапатын башкаруу боюнча мыйзамдарды жана механизмдерди мындан ары өркүндөтүү үчүн артыкчылыктуу сунуштарды аныктоо болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.12.2025. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абаны тазарта албасак, медицина бизди куткара албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: