Кыргызстандын 800 миңге жакын жараны чет өлкөлөрдө жашайт
2025-жылдын декабрь айына карата чет өлкөлөрдө 798 миң 400дөн ашуун кыргызстандык жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт брифингде билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда: болжол менен 341 миң 94 адам, бул жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 37 миңге аз. Ошол эле учурда АКШда (60 миң), Кореяда (12 миң), Германияда (15 миң) жана Бириккен Араб Эмираттарында (6 миң) жаран бар. Чет өлкөгө чыгуунун негизги максаттары - билим алуу, эмгек ишмердүүлүгү, туризм, бизнес жана медициналык кызматтарды алуу болуп саналат.
Брифингде белгиленгендей, 2025-жылдын ноябрь айына карата Орусияга кирүүгө тыюу салынган "кара тизмеге" Кыргызстандын 91 миң 566 жараны киргизилген.
Министрлик легалдуу миграцияны колдоо максатында 2025-жылы "Бирдиктүү уруксат" пилоттук долбоорун ишке ашырган. Анын алкагында 47 миң 686 чет өлкөлүк адиске 60 күндүк, ал эми 35 миң 88 адиске 360 күндүк уруксат берилди. Социалдык тармактар жана "ишеним телефондору" аркылуу 29 миң 915 жаранга кеп-кеңеш берилген.
Ошондой эле министрдин орун басары мыйзамсыз ишке орношууга каршы күрөш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Мигранттардын негизги көйгөйлөрү: жазуу жүзүндөгү эмгек келишимдеринин жоктугу, паспорт, турак жай жана социалдык кепилдиктердин жетишсиздиги.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















