MBANK мобилдик тиркемесинде жаңы фунциялар пайда болду (фото)
Кечээ, 18-декабрда MBANK мобилдик тиркемесине киргизилген бир топ жаңы функцияларынын презентациясын өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстандын белгилүү блогерлери, ырчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Эми MBANK мобилдик тиркемесинде жаңы өзгөрүүлөр жана жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Тиркеме колдонуучуларынын ыңгайлуулугу үчүн "MCafe" жана "MTravel" кызматтары ишке киргизилди. Жаңы киргизилген MCafe‘нин жардамы менен тамактануу жайларына барганда тиркеме аркылуу аш тизмедеги тамактарды буйрутма кылып, акчасын төлөсө дагы болот. Ал эми MTravel учак билеттерин түздөн-түз сатып алууга мүмкүнчүлүгүн берет.
Мындан тышкары MBANK мобилдик тиркемесинде кардарлардын жеңил колдонуусу үчүн атайын функция пайда болду. Ал аркылуу QR-код же жеке номуру жок эле уюлдук телефонду терминалга тийгизүү менен төлөм жүргүзсө болот. Бул кызмат интернет байланыш жок иштегени эң сонун жеңилдик боло алды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















