Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 20-22-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана жолдордун тайгак болушу ыктымал.
Берилген маалыматка ылайык, кар көчкү түшүү коркунучу төмөнкү унаа жолдорунда күтүлөт:
Бишкек - Ош унаа жолунун 12-138 чакырымдары (Төө-Ашуу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдары;
Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдары;
Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу);
Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдары (Көк-Арт ашуусу).
Ошондой эле айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону, алыс жолго чыгууда этият болууну эскертет министрлик.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















