super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түркиядан дары, зер буюмдарды Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга ташыган топ кармалды

 

Ошто 10 кыргызстандык жана 15 өзбекстандыктан турган трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат аларга көмөктөшүп келген Бажы кызматынын эки кызматкери жана Мамлекеттик чек ара кызматынын бир аскер кызматкери кармалганын кошумчалады.

Аталган кылмыштуу топ Түркиядан кымбат баалуу медициналык дары-дармектерди жана зер буюмдарды өлкөгө аткезчилик жол менен ташып келип, андан кийин Өзбекстанга аткезчилик жол менен өткөрүп турган. Натыйжада кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү мүчөлөрү болгон 3 өзбекстандык жана 5 кыргызстандык колго түшүп, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Аталган кылмыштуу топ тарабынан Түркиядан 50дөн ашык каттам ишке ашырылып, 50 килограммдан ашык алтын буюмдары аткезчилик жол менен алынып келингени аныкталган. Бул иш-аракеттери менен алар мамлекеттин бюджетине олуттуу зыян келтиришкен.

Учурда кармалган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышкан башка кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана андан кийин бардык күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: