Бишкекте кибер кылмыштуулукка шектелип 22 жаштагы кыз кармалды
Бишкекте 22 жаштагы кыз кибер кылмыштуулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу 19-декабрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Б.Н. аттуу жаран белгисиз адамдар тарабынан анын атына 167 миң 270 сом өлчөмүндө насыя мыйзамсыз жол менен алынганы тууралуу арыз менен кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде 2003-жылы туулган К.П. аттуу жаран өзүнүн банктык эсебин үчүнчү жактарга бергендиги аныкталган. Учурда ал айыпталуучу катары жоопкерчиликке тартылып, электрондук көзөмөл чарасы колдонулду.
Милиция жарандарды “дропперликке” жана банк карталарын үчүнчү жактарга берүүгө жол бербөөгө чакырат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















