Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган турнир өтөт
Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVII эл аралык оор атлетика боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.Маалыматка ылайык, турнир 24-26-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлөт. Турнир төмөнкү салмак категорияларында өткөрүлөт:
- Эркектер арасында: 60, 65, 71, 79, 88, 94, 110, +110 килограмм.
- Кыз-келиндер арасында: 48, 53, 58, 63, 69, 77, 86, +86 килограмм.
Агенттик аталган турнирди Азия оор атлетика федерациясынын жылдык календарлык планына киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-12-19
17:46
2025-12-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















