super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду

 

Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу 22-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары: Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия төмөнкү документтерге кол коюшту:

- “Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө-мамлекеттери менен бир тарабынан жана экинчи тарабынан Өзбекстандын ортосунда Евразия экономикалык бирлигинин жана Өзбекстандын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана эл аралык ташуучу транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу тууралуу келишим түзүү боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө” чечим";

- “Евразия экономикалык биримдигинин 2026-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө” чечим;

- “Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин 2026-2027-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө” чечим;

- “2015-жылдын 8-майындагы № 13 Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимин ишке ашыруу жөнүндө” тескеме;

- “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Импорттук бажы, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдардын суммаларын которуу тартиби жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” чечим;

- “Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү ыкмалары жана Евразия экономикалык биримдигинин жалпы финансы рыногун калыптандыруу жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” тескеме;

- "Курулуш тармагындагы долбоорлорду жетектөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын бекитүү жөнүндө" чечими;

- "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында туризмди өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" чечими;

- “Евразия экономикалык биримдигинин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында продукцияга карата милдеттүү талаптарды, ошондой эле милдеттүү шайкештикти баалоону жүргүзүүнүн эрежелерин жана жол-жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө боюнча, аталган чөйрөдө окшош (салыштырмалуу) жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, жалпы принциптерди жана ыкмаларды аныктоо жөнүндө” чечиминин долбоору жөнүндө” чечим;

- "Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү талаптарды жана жол-жоболорду бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоонун жалпы принциптери жана ыкмалары жөнүндө" Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө" чечим;

- “Евразия экономикалык биримдигинин Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө" чечими;

- "Евразия экономикалык биримдигинин органдарындагы төрагалык жөнүндө" чечим;

- "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме;

- "Евразия экономикалык биримдигинин Сотунун төрагасынын кадр маселелери боюнча ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө" тескеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: