Адылбек Касымалиев энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өкмөт башчы өз сөзүндө энергетиктердин эмгеги, коомдогу орду тууралуу сөз кылып, бул тармакта акыркы жылдары ишке ашып жаткан долбоорлор жөнүндө айтты.
"Бүгүн Кыргызстан энергетиканын жаңы этабына кирип жатат. Бай гидроресурстарыбыз өлкөбүзгө кызмат кыла турган, чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турган кез келди. Келечектин чоң максаттары ишке ашырыла баштады. Энергетикалык инфраструктура жаңыланууда. Жарым кылым кызмат кылган Токтогул ГЭСи модернизацияланып, жалпы кубаттуулугу 1440 мегаватка жеткирилди. Үч-Коргон ГЭСинин да гидроагрегаттары алмаштырылууда. Бул иштер ГЭСтерибиздин өмүрүн узартууда. Бир катар чакан ГЭСтердин ишке кириши энергетика тармагына жаңы дем берип, аймактардын өнүгүүсүнө шарт түзүүдө. Камбар-Ата – 1 ГЭСи – бул Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка жетелеген, келечек муундар үчүн бекем пайдубал түзгөн тарыхый долбоор. Бул долбоор – биздин энергетиктердин кесибине, тажрыйбасына жана күчүнө болгон ишенимдин белгиси.
Бул демилгелер өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү жана биз тармактын мындан да натыйжалуу, ийкемдүү жана жогорку технологиялуу болуусуна багытталган реформаларды улантууга тийишпиз. Энергетиканын келечеги – жасалма интеллект жана санариптик платформаларды кеңири колдонууда. Процесстерди автоматташтыруу, тармактарды интеллектуалдык башкаруу, жүктөмдү алдын ала божомолдоо жана коопсуздук системалары – мунун баары биздин тармакта көндүм практика болушу керек. Бул инструменттер канчалык тез өздөштүрүлсө, өлкөнүн технологиялык суверенитети жана экономиканын туруктуу өсүшү ошончолук бекем болот. Энергетика тармагында ири долбоорлорду ишке ашырып, тармактын потенциалын чыңдайбыз жана өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз деп ишенем”,- деп айтылат куттуктоодо.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















