ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 22-декабрдан 28-декабрга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Апта оор, ошол эле учурда жемиштүү өтөт. Көптөн бери тынчыңызды алган маселелер оң жагына чечилмекчи. Көп адамдар менен баарлашасыз, арасынан сизге пайдалуу маалымат айткандары болот. Негизгиси ушак кептерден жана интригалардан алыс болсоңуз болду. Жумушта эс алып отурганга убакыт жок, андан көрө баш көтөрбөй иштөөгө туура келет. Жеке жашоодо үй-бүлө мүчөлөрүнө майда-чүйдө белек алып каржылык жаатта бир топ акча сарптайсыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жашоодогу баалуулуктарыңыз өзгөрүшү ыктымал. Буга башыңыздан өткөн бир окуя себеп болот. Туугандар ортосунда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Жумушуңузда олуттуу иштер өз жолуна коюлган, андыктан тыкыр көзөмөлдү талап кылган оор иш деле чыкпайт. Аптанын экинчи жарымында бойдоктор романтикалык жолугушууга бармакчы. Апта соңу болсо же достор, же кесиптештер менен жаңы жылдык корпоративге барасыз. Алкоголдук ичимдиктерден алыс болуңуз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Абдан динамикалуу апта күтөт. Айрыкча жумушта биринин артынан бири сиздин убактыңызды, көңүл бурууңузду талап кылган иштер чыгат. Күчтөнүп жаңы жылга чейин баарын бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Бирөөгө орой тамаша айткандан алыс болуңуз, түшүнбөстүк жаралышы ыктымал. Финансы жаатында чоң суммадагы акча талап кылган инвестиция иштеринен баш тартканыңыз оң. Аптада тамак-аш рационуңузга көңүл буруңуз, ашказан-ичеги оорулары козголушу мүмкүн.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Апта ийгиликтүү өтөт. Эч кайда шашпай, алактабай эле акырындан пландалган иштериңизди четинен бүтүрөсүз. Күнүмдүк жашоодогу көптөгөн иштин арасынан өзүңүзгө да көңүл буруу сунушталат. Айрыкча ден соолук жаатында келип чыккан маселелерди артка жылдырып, “өзүм эле айыгып кетем” деген болбойт, врачка көрүнүңүз. Каржылык жаатта тобокелчиликке баруу сунушталат. Дем алыш күндөрдү жакындарыңыздын курчоосунда жагымдуу көз ирмемдер менен өткөрөсүз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Түгөйүңүзгө белек жаатында эле берешен болбой, жакшы сөз, камкордук жаатында да ачык болуңуз. Мындай кадамдар ортодогу мамилени, сүйүүнү бекемдейт. Бойдоктордо жаңы таанышуулар күтүлөт, бирок анын арты романтика эмес, достукка алып келет. Бирок бул да жаман эмес экенин эстен чыгарбаңыз. Жумушта демилгечи болуңуз, идеяларыңыз колдоо табат. Апта акыры нервиңизди чыңалткан окуя орун алат, ал учурда дем алуу гимнастикасын жасоо сунушталат.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Майда-чүйдөгө кунт көңүл коюу талантыңыз жумушта чоң маселенин алдын алат. Жетекчилик тараптан колдоо, мактоо сөздөрүн угасыз. Жыл аягы сый акы да алышыңыз мүмкүн. Иммунитетти көтөрбөсөңүз кайра-кайра вирустук оорулар менен ооруй бересиз. Эртең менен таза абада чуркоо же сейилдөө, андан сырткары тамак-аш рационуна көңүл буруу сунушталат. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен ачык, эч нерсени жашырбай сүйлөшүп, кеңешип жүрсөңүз эле маселе жаралбайт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Башкалар менен бат тил табыша билген сапатыңыз бул аптада жакшы жардам берет, айрыча жумушта. Жалгыз бой жүргөн таразалар өзүн түшүнгөн, башын жөлөй алган адамына жолугат. Финансы жаатында жалгыз эмес, ишенген адамдар менен биргеликте жасаган ишиңизден жакшы пайда табасыз. Кыялыңыздагы нерсени алууга мүмкүнчүлүгүңүз жетпей маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Балдары барлар алардын майрамдык иш-чараларына катышып, ийгиликтерине кубанышат.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн убактысы. Канчалык көп иштесеңиз, ошончолук көп табасыз. Андыктан пессимисттик ойлорду алыс кууп, өзүңүздү колго алыңыз да, иштеңиз. Мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жасоодон алыс болуңуз, эмоцияларды көзөмөлдөгөнүңүз туура. Баарын өз моюнуңузга ала бербей, башкаларга таянганды билиңиз. Ал үчүн адамдарга ишене билген сапат күтүшүңүз керек. Дем алыш күндөрү энергияңыз көбөйүп, бирөөлөр менен жолугууну каалап каласыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Башка күндөргө салыштырмалуу бул аптада ишиңиз көп болот, башкага көңүл бурууга убакыт таппай чарчайсыз. Бирок кайгырбаңыз, кийинчерээк эмгегиңиздин үзүрү финансылык жаатта да, эс алуу убактысы менен да баарын толуктайт. Жеке жашоодо сүйүктүү адамыңызга башкача көз караш менен карап, мурда байкабай келген сапаттар көзүңүзгө уруна баштайт. Апта соңу энергияңызды, күчүңүздү топтоого, кайра калыбына келтирүүгө аракет кылыңыз. Табият коюнуна чыкканыңыз жакшы.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Кимдир бирөөгө же бир окуяга көңүлүңүз толбой, жактырбагандай абалда болосуз. Жумушта туруктуулук сакталат, олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Бирок жумуштан сырткары пайда түшчү каржы булагы пайда болот. Бойдоктордо кызыктуу таанышуулар орун алат, бирок ою башкага бурулуп жатып бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберишиңиз мүмкүн. Жакындарыңыздан жагымдуу кабар аласыз. Дем алыш күндөрү уйкуну кандыра уктап койсоңуз эле энергияңыз толукталмакчы.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жумушуңуздун көптүгүнөн, моюнуңузга артылган жоопкерчиликтен улам тынчсызданып, өзүңүздү ыңгайсыз абалда сезишиңиз мүмкүн. Бирок бүтпөгөн иш жок экенин унутпаңыз. Терс ойлорго жетеленбей, айланага позитивдүү көз карашта карасаңыз көптөгөн жагымдуу көз ирмемдерди байкайсыз. Тобокелчилик талап кылган иштерге баш салбай туруңуз. Жан дүйнөңүзгө тынчтык тартуулай турган иштер менен алек болгонуңуз жакшы. Жакшы сырдаш адамдар менен жолугуңуз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Паровоздун алдында чуркабаңыз. Тагыраагы, бул аптада алдын ала бүтүрөм деп шашкан иштер оң жыйынтык бербей турганын эскертишет жылдыздар. Жеке жашоодо тынчтыкта калуу менен сезимдериңизди иретке келтире аласыз. Түшүнбөстүктөр жаралса, түгөйүңүз менен бетме-бет отуруп ачык сүйлөшүү керек, “эмнеге антип койду?” деп ичтен эзиле бербеңиз. Дем алыш күндөрү көңүлүңүзгө туура келген адамдар менен жолугуп, жагымдуу баарлашуу орун алышы күтүлүүдө.
кошулду
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















