Бумер, миллениал, зумер жана альфа мууну. Сиз кайсынысына киресиз?

Учурда “апа, сиз бумерсиз да, ошон үчүн түшүнбөйсүз. Муну зумерлер түшүнөт” же болбосо “альфалар кийин баарыбыздан кыйын болот” деген сыяктуу сөздөрдү айрымдар чынында эле түшүнбөйт. Анткени алардын муунунда мындай терминдер колдонулбайт. Бирок заманбап жашоодо орду, өз күйөрмандары бар түшүнүктөр. Сиз кайсы муунга киресиз жана ар биринин кандай өзгөчөлүктөрү бар макаладан окуңуз.
Муундардын бөлүнүшү
БЭБИ-БУМЕРЛЕР: 1943-жылдан 1960-жылга чейин төрөлгөндөр
Х мууну же БУМЕРЛЕР: 1961-1981- жылдар аралыгында туулгандар
Y мууну же МИЛЛЕНИАЛДАР: 1982-1996- жылдар аралыгында туулгандар
Z мууну же ЗУМЕРЛЕР: 1997-2010- жылдар аралыгында туулгандар
АЛЬФА мууну: 2011-2024- жылдар аралыгында туулгандар
БЕТА мууну: 2025-жылдан баштап...
Муундарды бөлүү теориясы кимге таандык?
Муундарды бөлүү теориясын америкалык жазуучулар Нил Хау жана Уильям Штраус иштеп чыгышкан. Алар 1991-жылы биргеликте “Муундар” деген китебин чыгарып, анда ар түрдүү жаштагы, тагыраагы, муундагы белгилүү адамдардын өмүр баянына кайрылышкан. Бул теорияны өнүктүрүп отуруп 1994-жылы “Төртүнчү бурулуш” китебин чыгарышкан.
Теориянын өзөгү – ар бир муун ар кандай социалдык, саясий жана экономикалык шарттарда социалдашып, өз баалуулуктарын ар башкача өнүктүрүшөт. Бир муундун өкүлдөрү кийинки муундан 20 жылга бөлүнөт. Демек, ар бир кийинки муун жаңы шарттарда психологиялык өнүгүүгө дуушар болот. Социологдор, психологдор биргеликте муундарды так жылдарга бөлө алышкан эмес, ошентсе да жашоонун агымына жараша болжолдуу жылдар белгиленген.
БЭБИ-БУМЕРЛЕР (1943-1960)
Согуштан кийинки мезгилде туулган адамдар. Алардын негизги максаты – балалуу болуу болуп эсептелген. Анткени ага чейинки муун согуш мезгилинде көп жоготууга учураган. Ошондуктан инстинктивдүү түрдө үй-бүлө күтүп, көп балалуу болууну каалашкан. Бул муундагы адамдар көбүнчө салт-санааны бекем кармаган, консервативдүү мүнөзгө ээ болушат. Ата-энелери катуу кол, бекем тартипте чоңойткондуктан, өз балдарын да ошол тартип менен чоңойтушат. Кийинки муун башка ойду айтканда “биз унчукчу эмеспиз” деген карама-каршылык көп жаралат. Бул муундун өкүлдөрү үй-бүлөдөгү, мамлекеттеги туруктуулукту, тынчтыкты, салт-санаанын сакталышын баалашат.
БУМЕРЛЕР (1961-1981)
Х мууну же болбосо бумерлер – СССР мезгилине жана андан кийинки бөлүнүү мезгилине да туш келгендиктен психологиялык жаатта “өзүн жоготкон муун” делинет. Тагыраагы, көнүп калган жашоосун өзгөртүп, башка жашоого көнүүгө туура келген. Анан эркиндикке умтулуу, билим алуу каалоосу жаралган. Бумерлер жаңыдан технология өнүгүп баштаган заманга да туш келишкен. Ата-энеси көпчүлүк убакта жумушта болгондуктан, өз алдынча же туугандардын колунда чоңоюшкан. Андыктан баарында эмес, бирок көпчүлүгүндө ата-эне менен эмоционалдык байланыш бекем эмес. “Эркелеген эмесмин”, “таарынычым бар” деген сыяктуу сөздөр көп айтылат бул муундун өкүлдөрү тарабынан. Негизги кемчилиги – чечкинсиз, өзүнө болгон ишеними аз. Эркиндикке умтулганды жактырганы менен, чечкиндүү кадам жасагандан корккон адамдар. Анткени үлгү көрсөткөн киши болгон эмес. Жокчулук мезгилди көп көргөндүктөн өзүлөрүн материалдык планда камсыз кылганга аракет жасашат.
МИЛЛЕНИАЛДАР (1982-1996)
Y муунунун өкүлдөрүнө келели. Миллениалдар кылым тогошкон мезгилдин балдары. Алгачкы ирет пайда болгон интернет, гаджет, социалдык тармактардын башатын көргөн адамдар. Интернетке алгачкылардан болуп көз карандылык башталган муун. Булардын мезгилинде көп тил билүүгө умтулуу, саякаттоо, гендердик, расалык, этникалык ар түрдүүлүк менен таанышуу башталган. Гендердик теңсиздик менен күрөшүү да бул муунга туура келет. Миллениалдардын балалыгы дүйнөлүк экономикалык кризиске туш келгендиктен, алардын ата-энесинен бөлүнүп өз алдынча жашоосу кеч болгон.
Амбициялары бийик, бирок аны көпчүлүгү ишке ашырууга умтула бербейт же эрки жетпейт. Бир нерсени баштоо үчүн көп убакыт талап кылынат же убара болуп баштабай деле коюшат. Ыңгайлуу, көнүп калган жеринен оңою менен жылгысы келбейт. Булардын убагында жаңы чыккан нерселер көп болгондуктан кайсы бирине жетишүүнү билбей, бирин өздөштүрсө экинчиси чыгып шаштысын ала берет. Андыктан дайыма бир нерсени окуюн, өздөштүрөйүн деген каалоосу күч болот. Телефон аркылуу сүйлөшүүгө караганда бетме-бет жолугуп, чер жаза сүйлөшкөндү баалашат. Технология менен андан сырткаркы жашоонун балансын кармагысы келишет.
ЗУМЕРЛЕР (1997-2010)
Чыныгы техникалык замандын өкүлдөрү – зумерлер (Z). Булар үчүн ата-эне, ага-эжелери көргөн интернет, техника жок заман белгисиз. Алар инстинктивдүү түрдө бардык технологиялык өзгөрүүлөрдү жакшы кабыл алып, бат көнүп, бат үйрөнүшөт. Ата-энеси оңой эле нерсени үйрөнө албай жатканына таң калышат. Алар маалымат бат алмашкан доордо жашагандыктан, бир нерсени кечке үйрөнүүгө, жылдап окууга кызыкпайт. Кыска маалымат, кызыктуу идея, аны ишке ашырууга ашыгат. Жаңыча ой жүгүртүүсү, өзгөчө идеялары, тайманбастыгы, чечкиндүүлүгүнөн улам зумерлерди “азыркы коомдун келечеги” деп да аташат. Бир учурда бир нече жумушта, бир нече милдет аткаргандан коркпойт. Башка муундун өкүлдөрүнөн кескин айырмаланышат: ой жүгүртүүсү, кыймыл-аракети, чечимдери менен. Эски салт-санаа, консерватизм дегендерге таң калуу, жатыркоо, коркунуч, кабыл албоо сезимдери жашайт.
АЛЬФАЛАР (2011-2024)
Альфа мууну технологиялык прогресске туш келди дешет илимпоздор. Булардын доорунда – техникалык прогресстен сырткары бардык тармак жаңыланат, жеке жашоодо үй-бүлөлүк жаңы баалуулуктар, жаңы тартип, жаңы тарбия формулалары пайда болот, билим берүү тармагы да жаңы нукка бурулат. Бардык нерсеге ийкемдүү келип, өзгөрө, үйрөнө билишет.
Бул муундун мүнөзүндө жакшы да, жаман да сапаттар бар. Оюн ачык айткан, бетке чабар сапат бар. Жакса жасайт, жакпаса басып кетет. Ар бир нерсеге өз ою бар, улуу экен же кичүү экен деп карманып калбайт, оюндагысын айтат. Өзүнө өзү авторитет же интернет авторитет. Биринчи өзүнүн ыңгайы, анан калгандары... Алар үчүн болбойт деген чек ара, рамка, салт-санаа жок. Бул муундун адамдары чындап гаджет, интернет, технологияга көз каранды болуп, күнүмдүк жашоого керектүү бетме-бет отуруп сүйлөшүү, баарлашуу, байланышуу сыяктуу баалуулуктар өз баасын жоготот, адамдар өзүмчүл болууга үйрөнүшөт деген божомолдор бар. Андыктан аларды туура жолго салууда мурунку муундагы адамдардын тажрыйбасы керек.
БЕТАЛАР (2025...)
2025-жылдан 2039-жылга чейин төрөлгөндөр бета мууну деп аталат экен. Бул муун виртуалдык социализацияда жашашы мүмкүн деген божомолдор бар. Азыркы кесиптер актуалдуулугун жоготот, адамдар кеңселерге чыгып иштеген учурлар аз же дээрлик жок болушу мүмкүн. Бардыгы технологиянын өнүгүшүнө байланыштуу. Адамдардын жашоосунда нейросеть, жасалма интеллект дегендер күнүмдүк нерсеге айланат. Технологиянын мындай нукта өнүгүшү адамдардын жашоо образына кандай таасир берери али белгисиз...
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















