super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Караколдо бир нече мамлекеттик кызматкерге сөгүш берилди

 

Каракол шаарынын ички иштер жана билим берүү органдарынын айрым кызматкерлери кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн жазаланышты. Бул тууралуу УКМК 22-декабрда кабарлады.

Белгиленгендей, Каракол шаарындагы №7 орто мектептин 9-классынын ата-энелер комитетинин өкүлү мектептеги системдүү зомбулук боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган арызынын негизинде атайын кызмат бир катар иликтөөлөрдү жүргүздү.

"Тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту азайтуу боюнча иштер тийиштүү түрдө жүргүзүлбөй, жаш муундарды адеп-ахлактык жана руханий тарбиялоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттер аткарылбай жаткандыгы аныкталган. Буга байланыштуу Каракол шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Т., Каракол ШИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору А.Б.Б. ээлеген кызматтарынан бошотулду",- деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми төмөнкү кызматкерлерге карата тартиптик чаралар көрүлдү:

  • Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Ч.Чга - сөгүш,
  • Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Б.М.Тга - катуу сөгүш,
  • Жыргалаң шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы М.А.Кга - сөгүш,
  • Каракол шаарынын социалдык блок боюнча вице-мэри А.Н.Мга - катуу сөгүш берилди.

Мындан тышкары, төмөнкү окуучулар:

  • №7 орто мектептин 11-классынын окуучулары Н.Б., К.И., А.А.
  • 10-классынын окуучулары И.С., А.Ш., А.Б., Э.Д., Д.У., А.З.
  • Баласагын атындагы КМЮА колледжинин студенти Н.Р. Ички иштер бөлүмүнүн атайын каттоосуна алынды.

Мындан тышкары, тийиштүү кызматтарга Ысык-Көл облусунун башка билим берүү мекемелеринде ушул сыяктуу укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу максатында комплекстүү чараларды көрүү боюнча тапшырма берилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: