super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

Мен студент кезде Бекзат жөнүндө кыздар “чириген байдын кызын алыптыр” деп сөз кылышкан. Байга-бай, тең-теңи менен дегендей... А эмне? Бир чети туура. Өздөрү үчүн жакшы. Бул жерде Бекзаттын башы иштеп кетти. Бирок ал менин алдымда да карыз. Мен ал үчүн бар нерсемден тобокел кылып айрылгам. Адилетти таштадым, эжемдер менен канча жаман-жакшы айтыштым. Жан дүйнөмдү арнадым. Ал үчүн кеткен көз жаш. Ушунун баарын жөн эле унутуп калайынбы? Жо-ок! Бир болсо, өч алып анан гана унутам. Бул жашоодо ар бири өзү эккен буудайын жеш керек. Өз чыккынчылыгына жооп бериши кажет.

Айсандын көргөзмөсүнө даярданып жүргөм. Салондо иштеген кыздарга барып, бир көзөмөлгө алып келдим. Маал-маалы менен бир “тизип” туруу керек. Антпесе жалкоолонуп кетишет. Адатымча бир кызыма тырмагымды жасатып отурсам, администратор кыз "сизге бирөө келди, сурап жатат" дейт. Ойлонбой эле кардарлардын бирөөсү го деп маникюрумду бүтүп-бүтпөй ордумдан туруп, аларды көздөй бастым. Кайдан таап алды десең. Адилет экен. Бул адамга эмне керек? Эмне келди деп бир топ маанайым түштү. Жок, маанайым түшкөн жок. Кыжырым келди. Мени көрүп, учурашты. Мен да суз учураштым. Кыздарымды ишиңерди уланткыла деп кетирип, босогодо экөөбүз турдук. "Ичкери чакырбайсыңбы?" дейт.

– Адилет, кел, экөөбүз жолукпай эле койбойлубу? Эмне кереги бар? Бул мамиле экөөбүзгө тең кереги жок,- дедим.

– А сен сөздүн ток этер жеринен баштадыңбы?

– Адилет...

– Жүр, түштөнүп келели. Жаныңда кафе бар экен.

– Адилет, менин айтканымды кулактын сыртынан эле кетирип жатат окшойсуң.

– Жок, мен кетем. Бирок сени менен бир түштөнүп алууга уруксат бер,- дегенде биротоло мамилени үзүп келейин деп, сүйлөбөстөн үстүмө жеңил кардиганымды жаап алып чыктым. Адилет жылмая артымдан чыкты. Көп өтпөй экөөбүз кафелердин биринде отурдук. Көпкө сүйлөштүк.

– Адилет, эмне максатта келдиң?

– Өткөндү эстеп кеттим,- деди кофесин кашык менен аралаштыра, жерди карай.

– Башыбыздан сонун күндөр өткөн. Унута албайт экенсиң. Эми унутуп бара жатканда экөөбүздү кичинекей кыз табыштырды...

– Адилет, койчу, суранам,- деп аны жалооруй карадым. Ал ушунчалык ичинде күйүтү бар адамдай, ички сезимдерин жай сүйлөп, төгүп жатты. Мен дагы өткөндү эстеп, ичимден бир өкүнүч сызып өттү. Бирок өзүмдү кармана, араң отурдум.

– Сага деген жакшы тилектерим бар эле...- деди бир убакта.

– Анан? Азыр эмне, өч алуу үчүн келдиңби?- дедим мисирейе. Менден көз албай карап турган ал каткырып жиберди.

– Жинди болдуңбу? Сенден эмнеге өч алмак элем? Койчу,- дегенде ыңгайсыз суроо берип койгонумду сезип, мен дагы күлдүм. Айтор, көпкө отуруп, дагы бир жолугууну белгиледик. Кафеден чыгып бара жатып Адилетке “аялың кызганып жүрбөсүн” десем, “сага зыяны тийбейт” деп ишенимдүү сүйлөп койду.

Ошону менен коштошконбуз. Ошол күнү үйгө келсем, эшиктин алдында Алтын дагы мени күтүп туруптур. Мени көрүп сүйүнүп, жаныма келип эринимден соруп алды. Андан бошоно “жинди, кир, бас үйгө” деп каткырдым. Ал түнү бирге болуп, таңды бирге атырдык. Саат 5те ойгонуп, биз жаткан бөлмөдөгү терезеден айлана дагы деле караңгы экенин көрдүм. Жанымды карасам, Алтын ойгоо, ойлуу жатыптыр. Менин көзүмдү ачканымды деле байкаган жок. Күлкүм келе “ушуда эмне көйгөй болду экен? Жаш туруп” дедим ичимден. Жанына жылып барып, ага имерилип, бетинен өптүм. Ал менин демимди сезип, бир жылмайып алып, колумду кармай алаканымды көпкө жүзүнө тийгизип, анан өптү. Кандай жагымдуу... Жакшы бала. Экөөбүздүн таанышкан күнүбүз эсимде. Эрнист менен урушуп кетип, клубга бир жарпымды жазайынчы деп баргам. Жалаң жаштар, жөн отурбай бир бийкеч менен урушуп кеттим. Өзү тийишти. Мен отурган “барный стойканын” жанына келип “менин ордум, тур” дейт. Сөздөн сөз чыгып, мушташып кеткенбиз. Күчтүү экен, мен жыгылып калдым. Шиш такасынын учу менен эми тебейин деп жатканда Алтын келип ал кызды бир муштап жиберсе болобу?! Андан кийин экөөбүз качып жөнөгөнбүз. Улам артты карай жүгүрүп келе жатабыз. Бир карап күлүп коёбуз бири-бирибизге. Бир топ убакыттан кийин демибизди басып, бир скамейкада отурганбыз.

– Сен жинди турбайсыңбы? Кыз кишиге да кол көтөрчү беле? Боорум да ачып кетти,- деп күлгөнүм эсимде.

– Ал кыз эмес. Аял кийимин кийген эркек,- дегенде өзүмө келип, күлкүм басылган.

– Ушуну бир муштап алсам деп колум кычышчу. Ишке ашты.

– Кызык, сен эмне, аны аңдып жүрдүң беле?Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: