Токтогулда жаран ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды
Токтогулда марихуана баңгизаты менен шектүү кармалды. Бул тууралуу 22-декабрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, райондук милицияга белгисиз жаран баңгизат жыйнап жүргөндүгү жөнүндө маалымат түшкөн. Буга байланыштуу Токтогул РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында М.А. аттуу кылмышка шектүү жаран аныкталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1982-жылы туулган Кара-Көл шаарынын М.А. аттуу тургуну Токтогул районуна келип, жапайы баңгизатын жыйнап жаткан жеринен кармалган. Шектүүдөн жалпы салмагы 10 килограмм 215 грамм болгон баңгизат алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган затттардын 55 граммы гашиш, ал эми 10 килограмм 160 граммы марихуана экени аныкталган.
Токтогул райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















