Үнөмдөйм деп чыгымга кептелип калбаңыз. ӨКМ жарандарга эскертет
ӨКМдин расмий маалыматына таянсак, ушул жылдын 11 айында өлкөдө 3388 өрт кырсыгы катталган болсо, алардын дээрлик 60 пайызы электр жабдууларын туура эмес колдонуудан келип чыккан. Алар:
- бузулган же эскилиги жеткен электр чубалгылары;
- электр зымдарын орнотууда туура эмес монтаждоо;
- ашыкча күч келтирүү;
- сапатсыз же арзан материалдарды сатып алуу;
- автоматтык которууларды туура эмес тандоо;
- кыска туташуулар.
Мындай өрт тез жайылып, адам өмүрүнө, үй-жайга жана мүлккө ири зыян келтириши ыктымал. Мындан улам министрлик жарандарды сапаттуу электр чубалгыларын колдонууну, аны туташтырууда адистерге гана кайрылуу зарылдыгын эскертти.
"Турак үйдүн электр чубалгыларын орнотууда ката кетирсеңиз же арзанына качырып, сапатсыз электр чубалгыларын алган болсоңуз, үнөмдөйм деген акчаңыз бир күнү миң эсе чыгымга алып келиши ыктымал. ӨКМ электр зымдарын такай текшерип турууну, оңдоо иштерин тажрыйбалуу адистерге гана тапшырууну сунуштайт",- деп айтылат маалыматта.
ӨКМдин маалыматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:37
2025-12-25
19:33
2025-12-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















