super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

2026-жылы бизди эмнелер күтөт?

 

2025-жылдын ээси Жылан башкаруу тагынан жылмышып, Жылкы жылына орун бошотуп берүү алдында турат. 2026-жыл дүйнө, Кыргызстан үчүн кандай жыл болот? Астролог, эксперттер кандай жоромол айтып жатышат?

Андрей Рязанцев, астролог: “2026-жыл – Кызыл оттуу жылкы жылы”

– Кызыл оттуу жылкы жылы Чыгыш гороскобу боюнча 2026-жылдын 17-январында башталып, 2027-жылдын 5-февралында аяктайт. Жылкы жылы Кытай календары боюнча кыймыл, эркиндик, ылдамдык, активдүүлүк жана көз карандысыздыктын символу. Ошол эле учурда жылкы ойт берме жаныбар. Андыктан жашооңуз оң жагына да, терс жагына да тез өзгөрүп кетиши мүмкүн. Амбициясы бар, алдыга койгон максатын даана билген, өжөрлөнө эмгектенген адамдарга бул жыл абдан жемиштүү болмокчу. Тоскоолдуктар болушу да мүмкүн, бирок бут тосуулардан кыйынчылыксыз секирип өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Жылдын стихиясы от болгондуктан адам бул жылы эмоцияларды башкара билбесе, өзүм билем дегенден алыс болбосо, мамиледен “өрт” чыгат. Жумуштан кол жууп калуулар, ажарышуулар күтүлөт. Топ менен иштегендерге караганда эркин, өз алдынча эмгектенгендер көбүрөөк киреше табышат.

Жылкы жылдары – 1942, 1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014, 2026.

Жылдын түсү: кызыл, кызгылт-сары, алтын сымал түс, көгүш боз, күрөң.

“Кыргызстанды эмнелер күтөт?”

– 2023-жылы Плутон Суу куярда 23-марттан 12-июнга чейин болгон. Ошол аралыкта жашоонун бардык чөйрөсүндө өзгөрүүлөр башталган, бул 2043-жылга чейин уланат. Саясий жаңы союздар түзүлөт, технология активдүү өнүгөт. Бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда экономика, курулуш, санариптештирүү, искусстводо өнүгүүлөр болот. Коомдук аң-сезим оң жакка өзгөрүлө баштайт.

Өкмөт ири масштабдуу долбоорлорго 21-марттан баштап, жаздын аягына чейин киришсе натыйжасы жакшы болот. Коңшу мамлекеттер менен кызматташуу, көйгөйлөрдү чечүү жаатында жаңы келишимдер түзүлөрү күтүлүүдө.

26-февралдан 20-мартка чейин өлкөнүн стратегиясын кайрадан карап чыгып, жаңы реформаларга киришүү зарыл. Суу тартыштыгы маселесин да ушул аралыкта чечүү сунушталат. 29-июнь – 24-июль аралыгы курулуш, инвестициялар, импорт-экспорт жаатындагы маселелерди чечүү убагы. Орусиянын Кыргызстанга чоң жардам берери күтүлүүдө. Июлдун этеги, август ичи чет жана коңшу өлкөлөрдүн башчылары менен кеңешип чечүүчү маселелер жаралат. Күзүндө бийлик стратегиялык мааниге ээ чечимдерди кабыл алат.

Жылдагыдай эле кургакчылык маселеси жаралат. Электр энергиясы, күйүүчү май тартыштыгы салыштырмалуу бир аз жеңилдейт.

Салтанат Ыбыкеева, нумеролог: “Күндүн, жаңы башталыштардын жылы”

– Нумерологияда 9 жылдык цикл бар. Ар бир 9 жыл сайын адамдын жашоосу жаңырат. 2025-жыл ошол 9 жылдык циклдин аяктоосу болду. 2026-жыл жаңы циклдин башталышы.

2026 санындагы сандардын баарын кошуп көрөбүз. 2+0+2+6=10=1+0=1. Жыйынтыгы –1. Нумерологияда 1 сандуу жылдын энергиясы Күндүн энергиясы менен байланыштуу болот. 1 саны бул – жаңы башталыштын символу, лидерлик, демилгелүүлүк, өз алдынчалык. Чечкиндүү кадам таштоонун, пландарды ишке ашыруунун жана чечимдери үчүн жоопкерчилик алуунун убактысы. Сөздөн ишке өтүүчү мезгил.

Адамдарды сынактан өткөрүүчү динамикалуу жыл. Мүмкүнчүлүктөр активдүү аракеттердин арты менен келет. Тагдыр бурулуштары ары кубанычтуу, ары сынактан өткөрүүчү болуп, өнүгүүгө багыттайт. Ким өзүнө канчалык таяна тургандыгын көрсөтөт.

Өсүүгө эмне жолтоо болуп жатса, аларды четтетип, жаңы нерселерге орун бошотуу кажет. Өзгөрүүгө ыңгайлаша алгандарга жаңы мүмкүнчүлүктөр көп. Андыктан эмнелерге жетишүү, кандай долбоорлорго же идеяларга киришүү керектигин аныктап алуу зарыл. Эски иштерди бүтүрүңүз. Жакпаган адамдардан кол үзүңүз. Өзүңүзгө болгон ишенимди күчөтүңүз.

Бекбоо Аматов, сюцай боюнча адис: “Адамдар өздөрүн өзгөртүшү керек болот”

– Өлкөбүздүн эгемендик күнү, айы, жылы жана 2026 санынын жалпы суммасы – 4 (31.08. 2026. 3+1+8+2+2+6=22. 2+2=4) Демек, Кыргызстан 2026-жылы 4 санынын таасиринин астында болот. Ал эми 4 санында туулган адамдарды, түзүлгөн өлкөлөрдү Раху планетасы башкарат. Раху – акыйкаттуулук үчүн күрөш, креативдүүлүк, трансформаторлук, новаторлук. Эмгек, энергия, билим, максатка умтулуучулук. Чынчыл, акыйкатчыл, креативдүү, жаратман болуп, өзүн өзгөртүп, башкалардын да өзгөрүүсүнө салым кошуу кажет. Туура ойлонуп, энергиялуу иштегендерге ийгилик жылмаят.

Данияр Абдуллаев, экономика боюнча эксперт: “Мигранттарга каршы мыйзамдар катаалдайт”

– Экономикада жакшы жылыштар болот. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 2 триллион сомго жетет. Мамлекеттик карыздын 99 миллиард 328 миллион сомун төлөө пландалууда. Орусия Кыргызстандын жаңы долбоорлоруна 200 миллион доллардан ашык инвестиция салары белгилүү болду. МИКтен 20 миңге жакын адам үй алат деп пландалууда. Бажы төлөмдөрүсүз Кыргызстан 15 миң даанага чейин гибриддик электромобилдерди алып кире алат. Орусия Кыргызстанга буга чейин жылына 1 миллион тонна күйүүчү май сатып келген болсо, бул көлөм 1 миллион 200 миң тоннага көбөйтүлдү.

Кызмат көрсөтүү, өнөр жай, курулуш, айыл чарба тармактарында жакшы жылыштар болот. Инфраструктураларды жакшыртуу, мектептерди куруу уланат. Санариптик технология өсөт. Чакан ГЭСтер, күн электр станциясы жана Ысык-Көлдө шамал электр станциясы курулат деп жатат, курулса, электр энергиясынын тартыштыгы канча бир пайыз азаят. Бирок коммуналдык төлөмдөрдүн тарифи өсүшү мүмкүн. Сугат суу тартыштыгын, текстиль өнөр жайындагы маселелерди чечүү керектелет. Чет өлкөлөр мигранттарга карата мыйзамдарын катуулатат, ошондуктан өкмөт мекенибизде атуулдарыбызга жумуш орундарын түзүү жагын ойлонушу кажет.

Дастан Сарыгулов, санжырачы: “Кыш былтыркыдан суук болот”

– Быйыл Сумбула жылдызы былтыркыдан 2 апта эрте, 25-июлда тууду. Биринчи кар 10-октябрда жаап, эрип кетти. 2025-жылдын жайы кургак, ысык болду. Табият баарын өзү теңдеп турат. Ошого быйылкы кышта кар калың жаайт, былтыркыга караганда суук күчтүүрөөк болот.

Эми Тараза жылдызын байкасам, кыштын моюну узун болобу, жаз эрте келеби-жокпу, ошону айтам.

2026-жылы суу тартыштыгы мурункудан да күчтүүрөөк фазасына өтөт. Үнөмдөө жолдорун карап, сугат мезгилинде дыйкандарга чоң көйгөй жаратып албаш үчүн алдын алуу чараларын көрүү зарыл. Суунун тартыштыгы, албетте, тоюттун тартыштыгына алып келип, маселе жаратат.

Дүйнөдө эмнелер күтүлүүдө?

• Гендик инженерия, жасалма интеллект жаатында өсүштөр болот.

• Билл Гейтстин айтканы боюнча, жасалма интеллект жашообузду өзгөртөт, билим берүү жаатында репетитор, медицина жаатында жардамчы болот. Гуманоид роботтор көп чыгарылат.

• Орусиялык аскердик эксперт Анатолий Матвийчуктун божомолу боюнча, Африка, Жакынчы Чыгыш, Молдовада согуш чыгуу коркунучу бар.

• Тектоникалык плиталардын жылышынан жер титирөөлөр болуп турат. Сел, суу каптоо, ири өрттөр күтүлөт.

Ванга эмне деген?

• Жаратылыштын булганышы күчөйт. Мөңгүлөрдүн эришинен кургакчылык болуп, өрттөр көп чыгат. Климаттын глобалдуу жылууланышы уланат. Суу каптоо, жер титирөөлөр күтүлөт. Япония, Италия, Индонезиядагы жанар тоолор атылышы мүмкүн. Ири державалар арасында мамилелер курчуйт, аскердик кагылышуулар болуп өтөт.

• Орусиянын ички, тышкы экономикасында кыйынчылыктар күтүлөт.

• Көп өлкөлөрдө таза суу тартыштыгы күчөйт.

• Жашообузду өзгөртө турган технологиялык жетишкендиктер болот.

Нострадамус эмне деген?

• Пандемия күтүлөт (мүмкүн, мурда катталган оору кайтып келет).

• Кытай кайсы бир арал өлкөнү (Тайвань болушу мүмкүн) өзүнө толук каратып, башкарып алууга ар тараптан аракет кылат.

Жылкы жылында туулган атактуулар

Кыргызстанда: Динара Асанова, Геннадий Базаров, Эльмурза Сатыбалдиев, Эльвира Сурабалдиева, Борончу Кудайбергенов, Аскат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев жана башкалар.

Дүйнөдө: Пол Маккартни, Муслим Магомаев, Опра Уинфри, Ангела Меркель, Жеки Чан, Жеймс Кэмерон, Сальма Хайек, Иван Ургант, Владимир Ильич Ленин, Никита Хрущёв, Леонид Брежнев, Борис Ельцин жана башкалар.

Жылкы жылында болуп өткөн окуялар

• 1918-жылы планетаны испан сасык тумоосу каптаган. Европа, Америка, Индияда жалпы 20 миллиондой адам каза тапкан.

• 1930-жылы Плутон планетасы ачылган.

• Монтевидеодо (Уругвай) футбол боюнча алгачкы Дүйнө кубогу өткөн. 1950-жылдары гана бул беттеш дүйнө чемпиондугу атала баштаган.

• 1942-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан маал.

• 2014-жылы Сочиде кышкы Олимпиада оюндары өткөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: