super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жаңы жылдык дасторкон: Закускелер

 

Кожойкелерибизге Жаңы жыл майрамына рецепттерди сунуштоо – гезитибиздеги салттарыбыздын бири. Толкундоо, жакшылыктарды күтүү, шаң менен коштолгон майрамдын дасторкону конокторду, жакындарды тамшантышы үчүн белгилүү ашпоздордон рецепттерди сунуштайбыз. Бул жолу да кесиби менен көпчүлүккө таанылган ашпоз Нариман Маанаевден закускелер болсун.

ЧУПА-ЧУПС ТООК БУТУ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок буту – 6 даана

Жумуртка – 2 даана

Пияз – 2 орточо баш

Ун – 2-3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 500 миллилитр

Упаланган нан күкүмдөрү – 200 грамм

Туз, кызыл таттуу калемпир, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Мындай закускени канча жасагыңыз келсе, кошулмаларды көбөйтүп же азайтып аласыз.

Алгач тоок буттарын сууга салып кайнатып, кайнаган соң 30-40 мүнөт бышырабыз. Муздап калганда сөөгүнөн этти таза ажыратып, майда тууроо керек. Эт туурагыч менен же блендерде майдалап салсаңыз болот. Сөөгү кайрадан этин жабыштыруу үчүн керек, ошондуктан аларды тазалап даярдап коёбуз.

2. Пиязды да аарчып, ушундай эле майдалап, тоок этине салабыз. Үстүнө татымалдарды, унду жана жумурткаларды кошуп, жакшы аралаштырабыз.

3. Фаршты тоок буту канча болсо ошончого бөлүп, сөөктүн үчтөн эки бөлүгүнө чупа-чупс сымал тогологураак чапташтыруу кажет. Кургатылган нан күкүмдөрүнө жакшы оонатабыз.

4. Казанга же тик мискейге майды куюп ысытабыз, май фаршты толук көмгөнү жакшы. Аябай ысыган кезде тоок буттарын 2-3төн салып, кызарта бышырабыз. Кайсы жагы жакшы бышпаса, ошол тарапка оодарып бышырып чыгарабыз. Дасторкондун көркүн ачкан “чупа-чупс” тоок буттары даяр!

ТООК ЭТИНЕН РУЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:

Бүтүн тоок эти – 1 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Шпинат – 1 боо

Сыр – 50 грамм

Желатин – 5 грамм

Кызыл таттуу калемпир – 2 чай кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Бүтүн тоокту же анын ордуна 2-3 даана жамбаш этин (окорочка) колдонууга болот. Бүтүн тоокту төшүнүн тең ортосунан баштап этинен ажыратып, буттарындагы сөөктөрдү да айланта тилип, сөөктөрүн чыгарып салабыз. Төш эт калыңыраак болгондуктан ортосунан тилип, жука жерлерине жайып коюу зарыл. Тамак-аш плёнкасын үстүнө коюп, быдыракай тамак-аш балтасы менен этти койгулап жукарганча жумшартабыз.

2. Столго тамак-аш плёнкасын жайып, ошонун үстүнө этти чарчы форма бергенче жаябыз. Туз, калемпир, мурч жана желатинди тегиз себелеп сүйкөп, жуулган шпинаттарды башталышына узатасынан жайгаштырып, узун чоң-чоң тууралган болгар калемпири менен сырды шпинаттын үстүнө коёбуз. Плёнканын жардамы менен оромо сымал оройбуз. Плёнка эт менен кошо оролуп кетпеши керек. Оромону сыртынан кат-кат кылып плёнка менен тыгыздап орой берүү кажет. 5-10 жолу катталат. Плёнканын эки башын абаны чыгарып, катуу бууп байлайбыз.

3. Муну 180 градустагы электр мешине 30-40 мүнөт коюп же сууга салып 40 мүнөт кайнатып бышырабыз.

4. Бышкан соң муздатып, плёнкадан чыгарып ичке кесимдерге бөлүп, тарелкага кооздоп салабыз. Жанына башка закускелерди, жашылча, ашкөк, лимон кесимдерин коюуга болот.

ЖЫЛТЫРАГАН БӨДӨНӨ

Керектелүүчү азыктар:

Бөдөнөнүн толук эти – 2 даана

Маринад үчүн керектелүүчү азыктар:

Томат – 1 аш кашык

Горчица – 1 аш кашык

Соя соусу – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, тоок үчүн татымал – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Бөдөнө да тооктон даярдалган сеттин жанына коюлат. Эгер ысык тамак катары берүү керек болсо, бир бөдөнө эки кишиге жетет.

2. Бөдөнөнү таза жууп, томат, горчица пастасын, соя соусун жана татымалдарды кошуп аралаштырабыз. Акырында өсүмдүк майынан кошуп аралаштырып, маринаддалышы үчүн жарым сааттан ашык коюлат.

3. Бөдөнө бат бышат. Ошондуктан 180 градустагы электр мешинде 20 мүнөт коюп бышырабыз. Эгер андан ашып кетсе бөдөнө эти кургап кетет. Даяр болгондо идиштерге салып, жашылча, ашкөк менен кооздоп жаңы жылдык тасмалга коёбуз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: