"Кытайдан унаа алып келип берем" деп жаранды ири суммада алдоого шектүү кармалды
Чүйдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, Кемин райондук милиция бөлүмүнө 39 жаштагы Д.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Р.К. аттуу жаран Кытайда өндүрүлгөн Weltmeiter X6 үлгүсүндөгү автоунааны алып келип берерин убада кылып, 460 миң сом акчасын алып, алдап кеткенин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш Жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө үстүдө аталган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө анын бир нече алдамчылык иши аныкталган. Учурда дагы башка иштерге катыштыгы бар-жогу аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:37
2025-12-25
19:33
2025-12-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















