Чүйдө унаадан парфюмерия каражаттарын уурдоого шектүү жаран кармалды
Чүйдө уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, Токмок шаардык милиция бөлүмүнө А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, аталган шаардагы "А-Г" аттуу жайдын жанында токтоп турган Mazda Premacy унаасынын ичине белгисиз жаран кирип, парфюмерия каражаттарын уурдап кеткен. Натыйжада олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө бир нече жолу соттолгон 28 жаштагы А.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шаардык соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:02
2025-12-23
23:01
2025-12-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















