Кызыл-Кыяда дүкөндөрдө уурулук жасаган деп эки тургун кармалды
Баткен облустук милициясы Кызыл-Кыяда дүкөндөрдө уурулук жасаган деген шек менен эки жаран кармалганын билдирди.Милицияга ушул жылдын ноябрь айынан тартып Кызыл-Кыя шаарында түнкү убакта дүкөндөрдү бузуп кирүү жолу менен уурулук фактылары катталып, жарандардан ички иштер органдарына бир нече арыз түшкөн.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.
Шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун 33 жаштагы тургундары Т.Р. жана К.М. кармалып, тиешелүү тартипте тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:37
2025-12-25
19:33
2025-12-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















