super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Москвада унаа жарылып, дагы бир генерал мерт кетти (видео) 

 

Бүгүн, 22-декабрда Орусиянын борборунда унаа жарылып, генерал каза болгону айтылды. Окуя Москванын Ясенево көчөсүндө орун алгандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, жарылган унаада өлкөнүн Коргоо министрлигинин Башкы штабындагы ыкчам даярдык көрүү башкармалыгынын башчысы Фанил Сарваров болгон. Ал алган оор жаракатынан улам жеринде каза болду. Жардыруу унаанын астына коюлган жардыруучу түзүлүш аркылуу ишке ашкан.

Башкармалыктын өкүлү Светлана Петренко билдиргендей, тергөө иштери улантылып, кылмыш иши козголду. Учурда ар кандай жагдайлар каралып, анын ичинде Украинанын тиешеси да текшерилип жатат.

Сарваров 2016-жылдан бери башкармалыктын башчысы болуп кызмат кылган. Ал Чеченстандагы жана Сириядагы операцияларга катышкан.

Айта кетсек, 17-декабрда Орусиянын борборунда самокатка коюлган бомба жарылып, анын кесепетинен генерал жардамчысы менен каза болгон. Ага шектелип 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Ахмад Курбанов кармалган эле.







Москвада унаа жарылып, дагы бир генерал метр кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: