super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өздөрүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырган шектүүлөр кармалышты

 

Бишкекте 100 миң доллар пара талап кылып, өздөрүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырган шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 22-декабрда ИИМден маалымдашты.

Берилген маалыматка ылайык, Н.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, өздөрүн укук коргоо кызматкери катары тааныштырган адамдар ишкерди "бизнести рейдерлик жол менен тартып алууга аракет кылгансың" деп айыптаганын билдирген. Ошону менен катар социалдык тармактарга ишкердин аброюна шек келтирген видео кайрылууну жайгаштыруу менен коркутушуп 100 миң доллар талап кылышканын айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 1,5 миилион сом алып жаткан учурда Р.С. кармалды. Анын шериги А.К.нын үйүн тинтүүдө милициянын капитанынын жасалма күбөлүгү, куралга уруксат кагазы жана УКМКнын жетону табылган. Эки шектүү тең камакка алынып, тергөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: