Салык кызматы 19,4 миллиард сом акциз салыгын чогултту
2025-жылдын 11 айында Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген товарлардан бюджетке 19 миллиард 493,06 миллион сом акциз салыгынын түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.Маалым болгондой, салыкты чогултуу боюнча көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллиард 1,7 миллион сомго же 17,3 пайызга көбөйгөн. Өндүрүлгөн акциздик продукциядан 2025-жылдын 11 айында 4 миллиард 826,3 миллион сом акциз салыгы келип түштү.
- алкоголдук продукциядан 3 миллиард 448,3 миллион сом,
- алкоголсуз суусундуктардан 1 миллиард 297,0 миллион сом,
- мунайзаттан 70,0 миллион сом
- тамеки продукциясынан 8,2 миллион сом түшкөн.
Мындан тышкары, 11 айда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген акциздик продукциялардан 14 миллиард 666,8 миллион сом салык чогултулган.
- тамеки продукциясынан 9 миллиард 111,7 миллион сом,
- мунайзаттан 3 миллиард 670,9 миллион сом,
- алкоголдук продукциядан 653,7 миллион сом
- алкоголсуз суусундуктардан 749,2 миллион сом жыйналган.
Эске салсак, 1-июлдан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:01
2025-12-22
18:16
2025-12-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















