super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда үч жаштагы кыздын каза болгону боюнча сот иши аяктады

 

Казакстандын Астана шаарында жеке стоматологиялык клиникада 18 тишин дарылоодо каза болгон үч жаштагы кыздын иши боюнча сот процесси аяктады. Бул тууралуу "Казинформ" агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, сот анестезиолог дарыгерди күнөөлүү деп таанып, бирок Конституциянын 30 жылдыгына карата жарыяланган амнистиянын негизинде негизги жазадан бошотту.

Соттун чечими боюнча дарыгерге 2 жылга эркинен ажыратуу жана 3 жылга медициналык кызмат көрсөтүү менен байланышкан кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу каралган. Бирок жазанын негизги бөлугү амнистиядан улам колдонулбайт.

Анестезиолог сотто күнөөлүү эмес экенин билдирип, бейтаптын оорусу тууралуу кабары жок экенин айткан.

Эскерте кетсек, бул окуя 2024-жылдын 30-октябрында Астанада болгон. Үч жаштагы кыздын 18 тишин наркоз менен дарылоодон кийин каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: