super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Токмоктогу мал базары 1-январдан баштап иштебейт (видео)

 

Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базары 1-январдан тарта ишин токтотот. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, базар коммерциялык негизде иштеп келген, бирок анын ээлери санитардык абалын талаптагыдай көзөмөлгө алышкан эмес. Натыйжада объектте ветеринардык-санитардык, санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык нормалар системалуу түрдө бузулуп келген.

Мындан тышкары базар коопсуздук жана инфраструктура боюнча белгиленген талаптарга жооп бербегени аныкталган.

Буга чейин социалдык тармактарда жаандан кийин тартылган видео тараган. Анда базардын аймагы суу каптап, өтмөктөр ылайга толуп, таштандылар чачылып жатканын көрүүгө болот.

Шаар бийлиги жарандардын коопсуздугу жана санитардык талаптарды сактоо максатында базарды жабуу чечимин кабыл алганын белгиледи.






Токмоктогу мал базары 1-январдан баштап иштебейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: