super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү

 

Бүгүн, 22-декабрда президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду, Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларустун лидери Александр Лукашенкону, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедовду жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Мамлекет башчылары үчүн программанын башында Эрмитажда кыскача экскурсия уюштурулган. Александр жана Георгий залдары, ошондой эле айрым экспонаттар көрсөтүлдү.

Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери Эрмитаждын Георгий залына барышып, ал жерде бейформал жолугушуу өттү.

Жолугушууда лидерлер КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга негизги артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: