Бакыт Төрөбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабер Аль-Марри менен жолукту
Бүгүн, 22-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Катардын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабер Аль-Марри менен жолукту.
Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун ар кандай багыттары боюнча кыргыз-катар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Анда негизинен 2026-жылы Бишкек шаарында боло турган Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз–Катар өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-жыйынын өткөрүүнүн жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Бакыт Төрөбаев катарлык инвесторлорго Кыргызстанда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде элчи Али Жабер Аль-Марри кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашырууну колдой турганын жана ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин ырастады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















