super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады (сүрөттөр)

 

Президент Садыр Жапаров 22-декабрда Орусияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын лидери менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү болду. Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жогорку деңгээлине жеткенине канааттануу билдиришти.

Андан соң Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны болуп өттү.

Президент биримдиктин экономикалык туруктуулугун, ички рыноктун чыңдалышын жана кооперациялык байланыштардын өнүгүүсүн айтып, тоскоолдуктар жана чыгымдар канчалык аз болсо, уюм ошончолук туруктуу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогору болорун баса белгиледи.

Жыйындын соңунда Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул жылы анын лауреаттары Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев болушту. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери сыйлыкка Борбордук Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон зор жеке салымдары үчүн татыктуу болушту.

Кийинки күнү мамлекеттик Эрмитажда КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү.

Мамлекет башчылары КМШ органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттарды аныкташты.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы 20-декабрда Орусияга иш сапары менен барган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: