super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Токтогулда тоодо калган 26 чабанга жардам көрсөтүлдү 

 

Токтогул районунун Толук айылында кар калың жааганынын кесепетинен кыштоодо калган чабандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токтогул райондук администрациясвнан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда саат 21:00дө администрациянын жарандык коргонуу комиссиясына Толук айыл өкмөтүнүн аймагында кардын калың жаагандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ага ылайык, Толук айыл аймагындагы 17-чакырымдан 50-чакырым чейинки аралыкта жайгашкан Жара-Өтөк, Шаркыратма, Жампа, Өргө, Төнчү, Кызыл-Кырчын, Темиркен, Чолок, Татыр, Кабылан, Кара-Күңгөй, Тартма жайыттарында кар калың жаагандыгынан жол каттамы токтоп, жайытка чыгууга мүмкүн болбой калган. Натыйжада 13 короодон турган 26 жаран мал-жандыктары менен кыштоодо калып калган.

Буга байланыштуу Толук айыл аймагынан кыштоолорго атчан 50 адам жардамга жөнөтүлгөн. Аталган аймактарга автоунаа менен жетүү мүмкүн эмес болчу. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 22-декабрда саат 18:00гө карата 4 короодон жалпы 9 жаран 2194 баш мал-жандыгы менен айылга жеткирилди.

"Мындан тышкары, жардам көрсөтүү иштерине 16 адам кошо келишкен. Азыркы учурда дагы 3 короодон мал-жандыктар жолдо келе жаткандыгы тууралуу маалымат бар. Ал эми 6 короонун ээлери кыштоодон чыгууга баш тарткандыгына байланыштуу себептерин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Толук айыл аймагынын ички жолдорун жана айылдарды бири-бири менен байланыштырган жолдорду тазалоо максатында 3 техника иштеп жатат. Анын ичинен №23 жол тейлөө ишканасынан 2 техника, айыл өкмөтү тарабынан келишимдин негизинде 1 техника тартылган. Ички жолдор 2025-жылдын 24-декабрына чейин толугу менен тазаланып бүтөрү пландалууда",- дешти мекемеден.

Кырдаалдан жабыр тарткан жарандар катталбаганы кошумчаланды.

Белгилей өтсөк, буга чейин Толук айылында кар калың түшүп, кыштоодо калган малчыларга жетүү мүмкүн болбой жатканы маалымдалып, жергиликтүү тургундар бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурашкан. Ага удаа ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы айылдагы кырдаал боюнча маалымат берген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: